Биз социалдык тармакта

Таласта 200 миллион сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкана ачылды (видео)

Бүгүн, 12-сентябрда президент Садыр Жапаров Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына катышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоорго 200 миллион сом инвестиция салынып, ишканада 100 жумуш орду түзүлдү. Завод жылына болжол менен 40 миң тонна төө буурчакты кайра иштетүүгө жөндөмдүү.

Жапаров Таластын дыйкандарынын продукциясын сырьё катары сыртка сатпастан, өлкө ичинде кайра иштетип, даяр продукцияга айландыруу маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле бүгүн Кыргызстан боюнча бир убакта 60 өнөр жай объектиси онлайн форматта ишке киргизилди. Алардын арасында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика, логистика жана курулуш материалдарын өндүрүү багытындагы ишканалар бар.

Таласта 200 миллион сомдук төө буурчак ишканасы ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан