Ырчы Гүлзат Чыныбек кызынын чакыруусу менен Кыргызстанга келген "Moriox Kids" тобунун балдары мекенине кайтып барышты. Аларды ата-энеси жана жакындары кубанып тосуп алышты.
Эскерте кетсек, руандалык балдар Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарына катышып, Ош шаарында Гүлзат Чыныбек кызы уюштурган акысыз концертте таланттарын тартуулашты.
Мекенине жеткен балдар ата-энесине белектерин берип, аларды абдан сагынганын билдиришти.