Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар аяктагандан кийин Бишкек тарапка кайтып жаткан унаалар көбөйдү. Социалдык баракчаларга байма-бай видеолор тарап жатат. Анда унаалардын биринин артынан бири ээрчишип келе жатканынын көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, 11–12-сентябрда Таласта өлкөнүн башкы майрамына арналган чоң иш-чаралар өтүп, ага өлкөнүн ар аймагынан келгендер күбө болушкан.