Ысык-Ата районунда кожоюну
кол алдындагы жумушчуну мыкаачылык менен өлтүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-январь күнү милицияга
оор кылмыш боюнча чалуу түшкөн. Анда Милянфан айылындагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык
менен өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылганын айтышкан.
36 жаштагы маркумдун аты-жөнүн
тактап, Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “адам
өлтүрүү” беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү
деп үйдүн 52 жаштагы кожоюну кармалды. Иликтөөдө маркум анын колунда койчу
болуп иштегени белгилүү болгон.
Мас абалында өлтүрүп салганы аныкталып, шектүү
убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.