Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы жаңы башкы машыктыруучунун жетекчилиги алдында алгачкы беттештерин өткөрөт.
Курама 28-сентябрда Мальдив аралдары, ал эми 4-октябрда Ливан менен Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, беттештер саат 20:00дө башталат.
Эскерте кетсек, Урмат Абдукаимов 25-августта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп дайындалды.