Биз социалдык тармакта

НурЧолпондун "Land of Manas" аттуу ыры коомчулукта талкуу жаратты (видео)

Кыргызстандык ырчы жана композитор НурЧолпондун "Land of Manas" аттуу ыры жана клиби социалдык тармактарда талкууга түшүп, бул жаатта коомчулук эки жээкке бөлүндү.

Айрым колдонуучулар клиптеги образдарга жана "Манас" эпосунун колдонулушуна сын-пикирлерин билдиришип, улуттук мураска болгон мамилени белгилешүүдө.

Ошол эле учурда башка колдонуучулар ырчынын чыгармачылыгына оң баа берип, "Манасты" заманбап форматта сунуштаган жаңыча багыт катары кабыл алып жатышат.

Белгилей кетсек, "Land of Manas" долбоору Shersky Music лейбли тарабынан чыгарылып, клип дүйнөлүк VEVO платформасында да көрсөтүлдү. 6-сентябрда автордун YouTube каналында чыгарманын толук версиясы жарыяланган.

Нур Чолпондун "Land of Manas" клиби талкуу жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан