Биз социалдык тармакта

Корумду чокусунда жоголгон үчүнчү альпинистти издөө иштери жанданды (видео)

Корумду чокусунда жоголгон Николай Свиридовду издөө иштеринин үчүнчү этабы башталды. Бул тууралуу 13-сентябрда издөө иштеринин башчысы Александр Смирнов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында издөө иштерине 2 жума даярдык көрүлгөн. Бул убакытта адистер тоодогу аба ырайын жана кардын абалын спутниктен тартылган сүрөттөр аркылуу көзөмөлдөп турушкан.

Үчүнчү этапта дрон операторлорунан турган топ альпинист Андрей Ерохин менен иш алып барып, тоонун кыркаларын текшерет. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 9 кызматкери издөө иштерине тартылды.

Эске салсак, 1-августта үч альпинист Корумду чокусуна көтөрүлүп, 2-августта акыркы жолу байланышка чыгышкан. 24-августта издөө тобу дайынсыз болгон эки адамды таап, 25-августта альпинисттердин сөөгү тик учак менен тоодон түшүрүлгөн. 26-августта аба ырайынын татаал шартына байланыштуу Николай Свиридовду издөө убактылуу токтотулган.

Корумду чокусунда жоголгон үчүнчү альпинистти издөө иштери жанданды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан