Кыргызстанда улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы биринчи банкноттору басылып чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка караганда, 30 жылдан ашуун убакыт бою улуттук валюта өлкө чегинен тышкары басып чыгарылып келген.
Мекеме өлкө аймагында 20 жана 50 сом номиналында банкноттордун басып чыгарылышы тарыхый окуя экенин белгилеген. Бул иштер президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн.