Биз социалдык тармакта

Өлкөдө окуу китептерин чыгарууга 1,3 миллиард сомго жакын каражат бөлүндү

Окуу китептерин чыгарууга 1,3 миллиард сомго жакын каражат бөлүндү. Бул тууралуу 14-сентябрда агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы муундагы окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

"Буга чейин жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 744 миллион сом каражат жумшалган. Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, дагы кошумча 600 миллион сом бөлүнүп берилди жана бул каражаттар жылдын аягына чейин өздөштүрүлөт",- деп белгиледи ал.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы 4 миллион 735 миң 870 даана окуу-методикалык комплекс басылып чыгып, мектептерге таратылган. Ал эми 2026-жылы бүгүнкү күнгө чейин 3 миллион 172 миң 728 даана окуу-методикалык комплекс басылып, таратылды. Учурда дагы 1 миллион 442 миң 815 даана басылууда.

Жыйынтыгында, эки жылдын ичинде чыгарылган окуу-методикалык комплекстердин жалпы саны 9 миллион 351 миң 413 даанага жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан