"Бишкек Аренанын” расмий ачылышы 5-октябрда өтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Айтымында, иш-чарага кирүү акысыз болот.
"5-октябрда “Бишкек Аренанын” расмий ачылышы өтөт. Кирүү акысыз, ал эми тартип жана коопсуздук үчүн чакырууларды tiket.gov.kg аркылуу алдын ала алуу пландалууда",- деген Туманбаев.
Айта кетсек, стадион 51 252 орунга ылайыкталган.