Бүгүн, 14-сентябрда УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Башкы прокуратурага кайрылып, Бишкек шаардык сотунун "75чилердин каты" боюнча чыгарган чечимин текшерүүнү жана соттук коллегиянын аракеттерине укуктук баа берүүнү өтүндү.
Эскерте кетсек, 10-сентябрда Бишкек шаардык соту "75чилердин иши" боюнча чечим чыгарып, айыпталуучулардын аракеттерин "Бийликти күч менен басып алууга даярдык" беренесинен "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине кайра квалификациялаган. Сегиз айыпталуучунун баарына 4 жылдан эркинен ажыратуу жазасы берилип, анын 2 жылы пробация түрүндө белгиленген.
Айткуловдун билдирүүсүндө, мындай айып сот отурумунда алдын ала тараптарга айтылган эмес. Коргоо тарабына жаңы айып боюнча позициясын даярдоого, далилдерди келтирүүгө, күбөлөргө суроо берүүгө жана тиешелүү өтүнүчтөрдү айтууга мүмкүнчүлүк берилбеген.
Мындан тышкары, Айткулов соттун чечими адвокаттардын да кесиптик ишмердигине тоскоол болгон-болбогонун текшерүүнү сураган. Анын пикиринде, коргоочулар жаңы айып боюнча өз кардары менен позициясын талкуулоого жана тиешелүү далилдерди даярдоого мүмкүнчүлүк алышкан эмес.
Адвокат прокуратурадан соттун биринчи инстанциядагы өкүмүн жана шаардык соттун апелляциялык чечимин, ошондой эле сот отурумдарынын аудио-видео жазууларын изилдеп, 195-берене боюнча айып мурда коюлган-коюлбаганын жана бул маселе сотто тараптардын талкуусуна чыгарылган же чыгарылбаганын аныктоону өтүндү.
Ошондой эле ал соттук коллегиянын аракеттеринде атайылап мыйзамсыз сот актысын чыгаруу же адвокаттардын мыйзамдуу кесиптик ишмердигине тоскоолдук кылуу белгилери бар-жогун текшерүүнү суранган.