Президент Садыр Жапаров 15-сентябрда Түштүк Кореяга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу 14-сентябрда өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында президент “Борбордук Азия - Корея” биринчи саммитине катышат.
Мамлекет башчысы ошондой эле Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактарда эки тараптуу документтер топтомун кабыл алуу пландалууда.