Бүгүн, 14-сентябрда куткаруучу Аскарбек Казыбеков каза болгондон кийин "Эрдик" ордени менен сыйланды. Мамлекеттик сыйлыкты президент Садыр Жапаров анын атасына тапшырды.
Эске салсак, 32 жаштагы Казыбеков Таласта дарыяга түшүп кеткен 15 жаштагы өспүрүмдү издөө иштерине катышып жатып каза болгон.
Өлкө башчысы орденди маркумдун атасы Акылбек Жумагуловго тапшырды. Куткаруучунун артында жубайы жана бир кызы калды.