Ырчы НурЧолпондун "Манас" эпосу тууралуу аткаруусу коомчулукта кызуу талкууланып жаткан маалда блогер Гүлзат Мамытбектин "Манас-эл" аттуу жаңы ыры да социалдык тармакта талкууга жем таштады.
Гүлзат Мамытбек чыгармасын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анда блогер бийчилер менен бирге көчөлөрдө ырдап жүргөнү көрүнөт.
Ыр жарыялангандан кийин интернет желесинин колдонуучуларынын пикирлери эки ажырым болду. Айрымдары блогердин чыгармачылыгын колдоп, ийгилик каалашса, башкалары ырдын мазмунуна жана аткарылышына карата сын-пикирлерин билдиришүүдө.
Сиздин оюңуз кандай?