Биз социалдык тармакта

Караколдогу пляжда көпүрөнүн куруу иштери уланууда

Каракол шаарындагы муниципалдык пляжда жаңы көпүрөнүн курулушу уланууда.

Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов көпүрөнүн куруу иштери менен таанышты. Шаар мэринин айтымында, бул пляждагы реконструкция иштеринин экинчи этабы.

Жаңы көпүрөнүн узундугу 300 метрди, ал эми туурасы 3 метрди түзөт. Көпүрөнүн ортосуна түндүктүн айкели орнотулса, эки тарабына бугу жана илбирстин айкелдерин коюу пландалууда. Эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, көпүрөгө жарыктандыруу системасы орнотулат.

Көпүрөнү куруу иштери августтун аягында башталган. 1-октябрда пайдаланууга берүү пландалууда.

Бүгүнкү күндө пляж пайдаланууга берилип, тургундар жана шаар коноктору эс алып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан