Бүгүн, 15-сентябрда Кара-Балта шаарында 9-класстын окуучусу айдоочулук күбөлүгү жок KIA К3 үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөнү аныкталды.
Чүй облустук Жол милициясы билдиргендей, жерине өспүрүмдүн ата-энеси чакырылып, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Бул факт боюнча тиешелүү протокол түзүлүп, автоунаа айып короосуна киргизилди.