“Тамашоу” курама командасынын ишенген оюнчулары Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу куйкум сөз, боор эзген тамашалары менен эми жаңы теледолбоордун көркүн ачышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына долбоорду ишке ашырып жаткан режиссёр Сүйүн Откеев билдирди.
“Биз кыргыз юморунун калыптанышына аз да болсо салымыбызды кошолу деген максатта “Эки адам” деген долбоорду иштеп чыктык. Бул долбоорго окшош чет өлкөдө көп эле берүүлөр бар. Долбоордун өзгөчөлүгү, башкы каармандар эч кандай даярдыксыз сахнада туруп элди күлдүрүшөт, залдагылар менен тыгыз байланышта болушат”,- деди режиссёр.
Аталган долбоорду жакынкы аралыкта телеканалдардын биринен көрүп калууга болот.