Ош шаарындагы Авиценна көчөсүнүн И. Раззаков көчөсүнөн «Орто Азия» мейманканасына чейинки бөлүгү жолду жаңылоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, жол 15-сентябрдан 22-сентябрга чейин автоунаалардын кыймылы үчүн жабык болот.
Айдоочулардан бул мезгил аралыгында альтернативдүү каттамдарды пайдалануу суралат.