Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда расмий сапар менен Түштүк Кореяга барды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Мамлекет башчысын Сеул шаарындагы аэропорттон Кореянын климат, энергетика жана экология боюнча биринчи вице-министри Ким Хан Сын жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.
Аэропортто Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле ал «Борбор Азия – Корея Республикасы» биринчи саммитине катышат.
Мындан тышкары президент бизнес-саммиттин атайын сессиясына катышат.