Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Борбор Азия менен Кореянын инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады

Өлкө башчы Садыр Жапаров Борбор Азия менен Түштүк Кореянын биргелешкен инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады.

Мамлекет башчысы бүгүн, 16-сентябрда Сеул шаарында өткөн "Борбор Азия – Корея" биринчи саммитинде сөз сүйлөп жатып, фонд маанилүү долбоорлордун бирдиктүү портфелин калыптандырууну жана артыкчылыктуу демилгелерди каржылоо, өндүрүштөрдү локалдаштыруу жана кореялык бизнестин Борбор Азиянын рынокторуна чыгуусу үчүн керектигин белгилеген.

Жапаров технологиялык кызматташтыкка, жасалма интеллектти киргизүүгө жана санариптештирүүдө биргелешкен пилоттук технологиялык аянтчалардын тармагын түзүүнү да сунуш кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан