Биз социалдык тармакта

Обончу Бабаравшан Тургунбаев 73 жашында дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, обончу, аткаруучу жана композитор Бабаравшан Тургунбаев 15-сентябрда 73 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Бабаравшан Тургунбаев жарым кылымдан ашуун чыгармачылык жолунда кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө салым кошуп, "Махабат", "Унутпайм", "Түнкү серенада", "Туулган жер" сыяктуу чыгармаларды жараткан.

Ал өмүрүнүн акырына чейин Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан