Талас облусунда жаратылышка зыян келтирген ишканалар айыпка жыгылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Жаратылыш ресурстары министрлигинен маалымдашты.
Айтматов районунда мыйзамсыз кум шагыл казган “Гранит Транс Сервис” ишканасына 35 миң сом айып жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө 30 даана бадалдын өсүүсүн токтотуп, жаратылышка келтирген зыяны үчүн 15 миң 212 сомдук доо коюлду.
Ошондой эле Талас районунда дагы бир ишкана талапка жооп бербеген жерге таштандыларды төккөндүгү үчүн 17 миң сом айыпка жыгылды.