15-сентябрда Италияда "Европанын эң узак жашаган эркеги" Витантонио Ловалло 112 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Витантонио Ловалло 1914-жылы туулган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда аскерге чакырылып, 1943-жылы Грецияда немис аскерлерине туткунга түшкөн. Кийин Германиядагы концлагерге жеткирилип, 1945-жылдын май айында бошотулган. Ловаллонун артында үч баласы калды. Анын сөөгү бүгүн, 17-сентябрда жерге берилери маалым болду.
"Европадагы эң узак жашаган эркек" деген макам 111 жаштагы португалиялык Жоаким Варелага өттү.