Бүгүн, 17-сентябрда Япониянын Нагоя шаарындагы Nagoya Port Garden Pier аймагында XX Азия оюндарына катыша турган делегацияларды расмий тосуп алуу аземи өттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, иш-чарада өлкөлөрдүн мамлекеттик желегин көтөрүү аземи болуп өткөн. Анда Кыргызстандын делегациясы расмий тааныштырылып, өлкөнүн мамлекеттик желеги да көтөрүлгөн.
Айта кетсек, XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 19-сентябрда Япониянын Айти-Нагоя аймагында өтөт.