Кыргызстандык алып баруучу Айзада Жамгырчиевага жаңы Changan үлгүсүндөгү унаа белекке берилди.
Буга чейин, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана жер улактын финалдык беттештери өткөн. Андан соң жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи уюштурулган.
Иш-чаранын жүрүшүндө Казакстандын Көкпар федерациясы Айзада Жамгырчиевага белекке унаанын сертификатын берген.
Федерациянын президентинин айтымында, белек алып баруучуга оюндардын ачылышындагы парад учурунда казакстандык спортчуларды «Казакстан» деп өзгөчө чакырып, колдоо көрсөткөнү үчүн берилген.