Бүгүн, 17-сентябрда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Алдын ала жазылган жарандар министрге өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча түз кайрылышты. Кендирбаева ар бир кайрылууну угуп, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берди.
Ошондой эле көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде карап чыгып, чечүү боюнча министрликтин тиешелүү башкармалыктарынын жетекчилерине тапшырмаларды берди.
Кошумча кароону талап кылган кайрылуулар министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, жарандар агартуу министринин жана анын орун басарларынын кабыл алуусуна +996 (312) 62-05-19 номери аркылуу алдын ала жазыла алышат.