Сейсмология институту билдиргендей, өлкө аймагында 17-сентябрда саат 16:34тө күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды.
Анын очогу Нарын шаарынан 33 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Орто-Сырт, Кара-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.