“Даңазалуу кылым” сериалында Хүррем султандын ролу аркылуу белгилүү болгон актриса Мерьем Узерли жакында экранга кайтып, жаңы сериалга тартыла баштайт. Бул тууралуу түркиялык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Даңазалуу кылым” сериалын жарыкка алып чыккан "TIMS Productions" продюсердик борбору жакында кезектеги сериалын тартуу иштерин баштайт. “Даңазалуу кылым” июнь айында жыйынтыкталат.
Жаңы тартыла турган “Даңазалуу кылым. Кесем” сериалында Кесем султандын өмүр таржымалы камтылат.
Белгилүү болгондой, аталган ролго продюсер Тимур Савжы белгилүү актриса Мерьем Узерлини чакырган. Учурда Берлинде наристе күтүп жаткан Мерьем төрөттөн соң "TIMS Productions" менен сүйлөшүүгө барат.