Президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков балдарды мектепке жеткирүүдө унаадан баш тартып, мүмкүнчүлүк болсо жөө барууну сунуштоодо. Ал бүгүн, 18-сентябрда социалдык тармактагы баракчасына видео жайгаштырды.
Ал кызы быйыл биринчи класска барганын айтып, мектеп үйүнө жакын экенин белгиледи. Башында кызын колуна көтөрүп алып барса, учурда коляска менен жеткирип жатканын айтты.
Орунбековдун айтымында, азыр шаарда унаалар көп болуп, жолдордо тыгын күч. Ошондуктан мектеп жакын жайгашса, жөө басып баруу ден соолукка да пайдалуу экенин белгиледи.
Ошондой эле ал бала кезиндеги күндөрүн эстеп, кыш мезгилинде атасы аны мектепке ат менен жеткирип жүргөнүн айтып өттү.