Бүгүн, 18-сентябрда Орусияда Мамлекеттик Думанын IX чакырылышына депутаттарды шайлоо башталды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары билдиришти.
Үч күнгө созула турган добуш берүү 20-сентябрда аяктайт. Биринчи болуп Камчатка жана Чукоткадагы шайлоо тилкелери жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө ачылды.
Шайлоодо Мамлекеттик Думанын 450 депутаты тандалат. Алардын 225и партиялык тизме боюнча, дагы 225и бир мандаттуу округдардан шайланат.
Белгилей кетсек, айрым алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда, ошондой эле аскер кызматкерлери үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү августтун аягында башталган.