Биз социалдык тармакта

Түштүк Корея Ормуз кысыгына аскерлерин жөнөтпөйт

Сеул Ормуз кысыгына аскерлерин жөнөтпөйт. Бул тууралуу Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён жума күнкү маалымат жыйынында билдирди.

"Чыр-чатакка алып келүүчү аскерлерди жайгаштыруу болбойт. Согушка катышууга болбойт",- деп жазышты чет элдик басылмалар анын сөздөрүн.

Президенттин айтымында, Түштүк Корея башка өлкөлөр сыяктуу эле, өз жарандарын жана аймактагы мунай жолдорун коргоо үчүн минималдуу чараларды көрүшү керек.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Сеулга Иранды ядролук куралдан арылтууга катышууну каалайбы деген суроо менен кайрылганын, бирок терс жооп алганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан