Ош. Алдамчылык менен бирөөнүн үйүн өзүнө өткөрүп алган жаран кармалды

"Алдамчылык менен алектенип, жарандардын акчасын жана кыймылсыз мүлкүн алып жүргөн" деген шек менен 1984-жылы Кадамжай районунунда туулган Жанболот аттуу жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Ош ШИИББинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адамдын үстүнөн 6 арыз түшкөн. Жабырлануучулардын бири Ч.А. аттуу аялдан умиё менен алектенем, акча бере туруңуз"  деп 245 миң доллар акчасын алып, изин жашырган.

Ошондой эле Ош шаарынын Мичурин көчөсүндө жайгашкан үйдүн документтерин өзүнө өткөрүп алган соң сатып жиберип качып кеткендиги аныкталды.

Кийип жүргөн формасы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматынын жасалма күбөлүгүн көтөрүп жүрүп элдин ишенимине кирген. 

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Kg_team
2014-02-03 19:11:23
245 мин долорды кантип ишенип берди экен
+3
emilkyrshab
2014-02-03 19:50:04
245 000 $, сом дагы эмес, анда ууруну каракчы тоногон окшойт...
+1
infiniti
2014-02-03 19:50:42
Суунуку,сууга да)))
+1
altynkamikola
2014-02-03 20:24:40
245мин доллар???оуууу биз Россияда эшек такалап журобузбу?!1мин доллар кандай кыйынчылыкка турат....атан корууу...
0
33SUUN
2014-02-03 20:28:30
245 мин сом болуш керек доллар эмес.Доллар болгондо ал давно кыргызстандын аймагынан качып чыгып кетмек.
+1
baibai71
2014-02-03 22:51:39
245 мин долларды берген да,алган да адамдар жинди экен.Ошончо акчаны иштетбей неге которуп журушот.
-1
Lumia-800
2014-02-03 23:15:34
33UUN: Супер Инфо алдап жатат дейсинби 250мин доллар деп?
Кызыгы, ошол акчаны эмне кылып иштетти экен...?
0
mirlan.tulanbaev
2014-02-03 23:23:31
245 000доллар мумкун эмес мындай акчаны бере салыш башкага.кудай карап турат жабырлануучу абайланыз ээ.
0
kushbak79
2014-02-03 23:26:40
Жабырлануучу 245 000$ ондуруп алам деп жаткандыр.Кылмышкерде мынча акча болгондо менттердин башына мин доллар м.н бир чабат эле.Анан озу эркин журо берет эле.Негизинде арам акчанын орду жок,бешенетер м.н тапсан берекеси да болот.
+1
misha00
2014-02-04 00:37:52
245 000доллардын 45 мини милиция сотко кетет 50 минин ээсине кайтарымыш кылат уч торт ай камалымыш болот анан эркиндик
0
Eldiyar85
2014-02-04 06:37:15
245 мин биз учун чоон болгону менен кээ бир адамдарга кичине эле акча)) акчасы коп адамдар коп))) кече менин бир досум 190 мин долларга уй алдым деп оной эле суйлоп койду )) мен аны угуп озуму жоготуп койо жаздадым )) ошого окшогон кеп да бул дагы ))) Адамдын сырткы келбетине карап мамиле кылгандын кесепети деп ойлойм бул окуяны))))
+1
talant_29
2014-02-04 16:31:38
Бул апыртма соз эмеспи мен Россияда 4 жылдан бери журом аран жыйнап 40 000$ уй сатып алдым кантип эле 245 000$ кимде бар экен? Россияда иштебей эле Кыргызстандан да тапсак болот окшойт бул акчаны, чындыкты жазгылачы айланайындар!!!
+1
anilorak
2014-02-04 20:50:39
,,Айдай чырайды боктой кыял бузат,,дегендей жакшына эле бала экенсин,ушинтип арам акча тапкандан коро олуп эле албайсынбы.Намысы жок алган тарбияна наалат.
-1
B.o.s.s
2014-02-04 22:35:52
Формасы болгондон кийин,кантип документи жасалма болсун ???Анан дагы 245 000 долларды ошол адам кантип эле берип койсун...Чындыкты жазгылачы,кулкумду келтирбей !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан