Дүйнөгө белгилүү америкалык ырчы, актёр, үч жолку "Грэмми" сыйлыгынын ээси Ne-Yo Бишкекке келди. Ырчыны "Манас" эл аралык аэропортунан уюштуруучулар тосуп алып, ага кыргыз элинин улуттук баш кийими калпак кийгизишкен.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-сентябрда "Бишкек Аренада" белгилүү жылдыздар Ne-Yo, Akon жана Busta Rhymes концерт берет. Ал жакка жетүү үчүн шаардык мэрия акысыз шатлл-автобустарды уюштурду.