Кечээ, 17-сентябрда япониялык дзюдо чебери Гоки Маруяма Ош шаарындагы "Мамажан" спорт клубуна барып, жаш спортчулар менен тажрыйба бөлүштү. Бул тууралуу дзюдо федерациясынын жетекчиси Сыймык Абытов социалдык баракчасына видео жарыялады.
Жолугушууда жаш спортчулар тажрыйбалуу дзюдочудан кеңеш алып, пикир алмашты.
Маалымат үчүн: 34 жаштагы Гоки Маруяма 81 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, карьерасында бир катар ийгиликтерге жетишкен. Ал 2011-жылы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугун утса, 2015-жылы Римдеги Континенталдык ачык чемпиондукта, 2016-жылы Тайбэйдеги Азия ачык чемпиондугунда биринчи орунду ээлеген.