Биз социалдык тармакта

"Бишкек Аренага" шаттл-автобустар акысыз каттайт

Бүгүн, 18-сентябрда "Бишкек Арена" стадионунда белгилүү америкалык ырчы Akon'дун катышуусунда концерт өтөт.

Калаа бийлиги маалымдагандай, аренага чейин жарандарды шаттл-автобустар акысыз ташыйт.

Ал автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин шаардын беш жеринен каттайт:
  • №1 шаттл-автобус: Асанбай кичирайону (Токомбаев көчөсү, 3/7) – "Бишкек Арена";
  • №2 шаттл-автобус: Матиев көчөсү (Алтымышов көчөсү, 98/1) – "Бишкек Арена";
  • №3 шаттл-автобус: Жаштар кварталы (Малдыбаев көчөсү, 275/Б) – "Бишкек Арена";
  • №4 шаттл-автобус: Тимур Фрунзе көчөсү (Гагарин көчөсү, 284) – "Бишкек Арена";
  • №5 шаттл-автобус: "Ынтымак" паркы – "Бишкек Арена".

Концерттик программа аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткирүү да уюштурулат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан