Кечээ, 17-сентябрда Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов электрондук окуу китептердин мобилдик тиркемеси жакынкы арада ишке кирерин билдирди.
"Видео, мультимедиялык контенттерди, презентацияларды жана балдарга кызыктуу материалдарды китеп менен электрондук форматта интеграциялап жатабыз. Жакынкы арада мобилдик тиркемебиз тууралуу маалымат бөлүшөбүз",- деди ал.
Мындан тышкары, Аматов электрондук китептерде аудио версияга өтүүчү QR-коддор бар экенин айтты. Платформа бир жылга жакын убакытта 32 миллионго жакын көрүү топтогон.