Балдар үчүн берилүүчү 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттар этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Бул тууралуу 18-сентябрда Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми ата-энелер аларды электрондук түрдө мектепке чейинки, жалпы билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарына бере алышат. Электрондук формалар Агартуу министрлигинин маалыматтык системи менен интеграцияланган жана “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.
"24-августтан тарта 095/у формасы - ден соолугуна байланыштуу сабактан бошотулгандыгын тастыктаган медициналык маалымкат электрондук түрдө гана таризделет. Ал эми 2027-жылдын 1-январына чейин 026/у формасы - баланын ден соолугунун абалы жана профилактикалык медициналык кароолордун жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды камтыган документ электрондук жана кагаз түрүндө таризделе берет",- деп айтылат маалыматта.