Өзбекстандын Наманган облусунда, 16-сентябрда мугалим сабак учурунда биринчи класстын окуучусунун бетине бир нече жолу чапкан. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Алдын ала маалымат боюнча, мугалим окуучу китептеги тапшырманы окуй албай калгандан кийин ага күч колдонгон. Окуя тартылган видео социалдык тармактарда тарап, кызуу талкуу жаратууда.
Облустук мектепке чейинки жана мектептик билим берүү башкармалыгы окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн кызматтык текшерүү баштаганы маалым болду.