Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев баштаган балбандар Японияда өтө турган Азия оюндарына кызуу даярдык көрүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Кыргызстандын Күрөш федерациясы Instagram баракчасына спортчунун машыгуу учурундагы видеосун жарыялады.
Эрназар менен бирге Бекзат Алмаз уулу, Орозобек Токтомамбетов, Малик Шаваев, Каныбек Абдулхаиров, Арсланбек Турдубеков да барат.
Белгилей кетсек, 2026-жылкы Азия оюндары 19-сентябрдан 4-октябрга чейин Япониянын Нагоя шаарында өтөт.