
22-сентябрда Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат.
Бул күнү саат 09:00дөн 19:00гө чейин "Контррезервуарлар" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштер жүргүзүлөт.
Мындан улам Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү, темир жолдун жээгиндеги аймак, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач конуштары жана Полицейский городок конуштарында суу берилбейт.