Филиппиндин Түштүк Котабато провинциясында Банга шаарындагы мектептеги ок атышуудан 6 адам каза болуп, дагы 17 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ок аткан өспүрүм ушул эле мектептин окуучусу болгон. Ал дагы каза болгону белгиленди. Окуядан кийин Банга шаарындагы бардык окуучулар үчүн сабактар убактылуу токтотулду.
Өлкөнүн билим берүү министрлиги мектептин администрациясы, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барып жатканын маалымдады. Ошондой эле, окуядан жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүлөрү кошумчаланды.
Учурда каргашалуу окуянын себептери такталууда.