Бүгүн, 18-сентябрда саат 20:00дөн тартып Ауэзов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Сагымбай манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Бул тилкеде жолдун асфальт-бетон жабуусу алмаштырылат. Иштер алдын ала маалымат боюнча бир күнгө созулат.
Шаардык мэрия айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду пайдаланууну өтүндү.