Биз социалдык тармакта

Ош көчөсүндө кеңейтүү иштери уланууда

Ош шаарындагы Ош көчөсүн Ж. Раимбеков көчөсүнөн Т. Касымбеков көчөсүнө чейинки тилкеде төрт тилкелүү кылып кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер май айында башталган. Жол оңдолуп бүткөндөн кийин “Ош” Эл аралык аэропортуна алып баруучу кошумча альтернативдик жолдордун бири болуп кызмат кылат.

Учурда жолдун эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулууда. Буга чейин бул тилкедеги курулуштар алынып, жолдун негизи даярдалып, канализация жана суу түтүктөрү тартылган.

Көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзөт. Кеңейтүү иштеринен кийин жолдун туурасы 24 метрге чейин жетет. Ошондой эле көчөнүн эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана жашыл аймактар каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан