Дүйнөгө белгилүү америкалык ырчы жана актёр, үч жолку «Грэмми» сыйлыгынын ээси Ne-Yo Бишкекте өткөн концерт учурунда кыргыздын улуттук калпагын кийип чыкты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-сентябрда «Бишкек Аренада» дүйнөгө белгилүү ырчылар Ne-Yo, Akon катышкан чоң концерт өтүп жатат. Ал эми Busta Rhymes ден соолугуна байланыштуу келген жок.