Америкалык белгилүү ырчы Akon учурда "Бишкек Аренада" өтүп жаткан концертте өзүнүн хит ырларын аткарып жатат.
Ырчынын Кыргызстандагы күйөрмандары анын популярдуу чыгармаларын кошо ырдап, концерттик кеченин өзгөчө маанайын жаратууда.
Белгилей кетсек, Akon Бишкекке кечээ, 17-сентябрда келген.