Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Санкт-Петербург шаарында Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев менен жолукту.
Жолугушуу бүгүн, 19-сентябрда Балык өнөр жайы XI эл аралык форумунун алкагында өткөрүлдү.
Өкмөттөн Тараптар негизинен Кыргызстан менен Орусия ортосундагы агро өнөр жай тармагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин сүйлөштү.
Статистикалык көрсөткүчтөр боюнча айыл чарба жана кайра иштетилген продуктуларды Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда өз ара соода жүгүртүүдө 2025-жылы 652,3 миллион долларын түзгөн, бул 2024-жылга салыштырмалуу 88,5 долларга көп.
Тараптар мындан ары соода жүгүртүүдөн өндүрүшкө өтүүнүн зарылдыгын белгилешти. Анда биргелешкен кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү, логистика жана сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген таңгактоонун маанилүүлүгүнө токтолушту.
Акунбеков балык чарбачылыгы тармагында ар тараптуу кызматташуу, айыл чарба продуктуларын кайра иштетүүдө жана Кыргызстанда өндүрүлгөн продуктуларды Орусиянын рыногуна чыгаруунун көлөмүн кеңейтүү боюнча биргелешкен эки тараптуу жаңы долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштады.
Өз кезегинде Патрушев Орусия сунушталган демилгелерди практикалык ишке ашырууга жана мындан ары агро өнөр жай тармагында өз ара терең кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар балык чарбачылыгы тармагындагы долбоорлор боюнча биргелешкен жол карталарды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилешип, макулдашты.