5-октябрдагы “Бишкек аренанын” ачылышын акысыз көрүү үчүн каттоодон өтүп, билет алуу керек. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, билеттер ticket.gov.kg сайтына жайгаштырылып, каалоочулар каттоодон өтүп ала алышат.
“Биринчи этапта 10 миң билет берилет. Билеттердин баары бир убакта эмес, этап-этабы менен ар кандай санда жеткиликтүү болот. Мындай тартип мүмкүн болушунча көбүрөөк жаран билет алууга жетишсин деген максатта киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.
Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Face ID системасы колдонулат. Каттоодон өткөн адам стадионго жүзүн тааныган система аркылуу кирет.
Иш-чарага 60 миңдей адам катышары күтүлүүдө.