2013-жылы 15 кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы 3-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, кылмыш жоопкерчилигине Кара-Суу районунун судьясы, Башкы прокуратуранын кызматкери, Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери, Кара-Балта шаардык кеңешинин кызматкери, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкери, Салык кызматынын инспектору жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери тартылышкан.