Биз социалдык тармакта

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жабырлануучуну 30 миң долларга алдап кеткен. Шектүү 22-июнда анын Toyota Highlander жана Mitsubishi Montero үлгүсүндөгү унааларын акчасын кийинки күнү берүү шылтоосу менен сатып алган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акчасын берген эмес.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан