Кечээ, 20-сентябрда Бишкекте жаңы асфальт төшөлүп жаткан жол тилкесине тосмону алып салып кирген айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, айдоочу эскертүүчү белгилерге карабай тосмону жылдырып, жаңы төшөлгөн асфальттын үстүнө унаасы менен кирген. Андан соң жол жумушчулары менен жаңжалдашып, окуя болгон жерден кетип калган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында айдоочуга жаңы төшөлгөн асфальтка киргени үчүн протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, айдоочу Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, ага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча дагы протокол түзүлдү.